Бишкек кинофестивалына катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз түштү
30 март

Бишкек кинофестивалына катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз түштү

Бишкекте 21-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн, Балтия мамлекеттеринин жана Грузиянын кыска метраждуу фильмдеринин XIV Эл аралык кинофестивалы өз ишин баштайт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Быйылкы фестиваль белгилүү кино ишмери Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналат. Сынактык программага ар кайсы өлкөлөрдөн режиссёрлор тарабынан 900дөн ашуун арыз түшкөнү бул иш-чарага болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтөт.

Өткөрүлүп келген жылдар аралыгында фестиваль борбор калаанын маданий жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланып, кино тармагынын өкүлдөрү үчүн кесиптик баарлашуу, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү аянтчасы болуп калды.

Фестивалдын программасына эл аралык жана улуттук сынактар кирет. Анын алкагында көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык кыска метраждуу фильмдер көрсөтүлөт.

Эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган, ал эми улуттук программада кыргыз режиссёрлорунун 15 мыкты эмгеги көрсөтүлөт.

Уюштуруучулар шаар тургундарын жана конокторду фестивалга келип, заманбап автордук кино менен таанышууга чакырышат.