Бишкекте Алтынбек Төрөгелдиевдин жеке көргөзмөсү ачылат
4 октябрь

Бишкекте Алтынбек Төрөгелдиевдин жеке көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 4-октябрда КРнын эмгек сиңирген ишмери Алтынбек Төрөгелдиевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 15:00дө

Музейден кабарлашкандай, көргөзмө 20-октябрга чейин ачык болот. 

Алтынбек Төрөгелдиев 1953-жылы 7-октябрда Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.

1972-жылы С.А. Чуйков атындагы көркөм окуу жайын аяктаган. Окуусунан кийин, өзүнүн эмгек жолун Өзгөн районунда сүрөт жана черчение сабагынан мугалим болуу менен баштаган. 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин (союзунун) Оштогу бөлүмүндө иштеп, эки ирет башкармалыктын төрагасы болуп шайланган. 1990-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин (союзунун) мүчөсү.

Алтынбек Төрөгелдиев Советтер Союзунун баатырлары жана СССРдин эмгек баатырларынын айкелдеринин (бюсттарынын), монументалдуу чыгармалардын («Кыргыз көчү», «Эненин көз жашы»), витраждардын (Ош шаарынын аэропорту)  жана Ош, Жалала-Абад шаарларында, Өзбекстан Республикасындагы мозаикалардын автору болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары, “Манас Эпосуна 1000 жыл” эстелик медалы, ошондой эле Түркмөн Республикасынын жана Түндүк Кипр Республикасынын Маданият министрликтеринин дипломдору менен сыйланган.

Төрөгелдиев Ч.Айтматов, К.Джусубалиев, С.Айтиев, Т.Океев, Ж.Джумабаев, Б.Шамшиев, А.Асранкулов, З.Хабибулин, Р.Абдыкадыров, С.Чокморов, С.Жумадылов, С.Раев, А.Арым-Кубат, Г.Боконбаев, Ж.Жакыпов, Т.Огобаев, К.Беков, Ж.Матураимов сыяктуу искусствонун ар кыл тармагынан чыккан чыгармачыл инсандардан илхом алган.

Төрөгелдиев жараткан чыгармалар Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинде, Ош шаарындагы Т.Садыков атындагы музейде, Чымкент сүрөт  өнөр музейинде, Лефкош шаарынын азыркы заман искусствосу музейинде, ошондой эле жеке коллекцияларда топтоштурулган.