Бишкекте төкмө акын Садырбек Турдубек уулунун “Уңгуну улай” аттуу китебинин бет ачары өттү
Бишкекте бүгүн, 22-апрелде төкмө акын Садырбек Турдубек уулунун “Уңгуну улай” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Аталган басылмада кыргыз төкмө акындарынын чыгармачылыгы кеңири камтылып, алардын өнөрү, тарыхый орду жана маданий мурасы чагылдырылган.
Китеп улуттук маданиятты даңазалоого, төкмө акындык өнөрдү сактоого жана аны кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү эмгек болуп саналат.
Иш-чарага төкмө акындар, манасчылар, жазуучулар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү катышып, автордун эмгегине жогору баа берип, мындай чыгармалар улуттук баалуулуктарды сактоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Китеп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын биргелешкен демилгеси аркылуу жарык көрдү.
Бет ачар аземи улуттук мурастарды даңазалоо менен бирге, маданий байланыштарды бекемдөөгө жана чыгармачыл чөйрөнү колдоого багытталган маанилүү окуя катары бааланды.
