Садыр Жапаровдун "Улут деми — Уңгу жол" аттуу китебинин бет ачары өттү
КР президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын конференц-залында 7-октябрда президент Садыр Жапаровдун “Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ЖОЖдордун студенттери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бет ачарды президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев ачты.
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китепти жарыкка чыгаруу идеясы, максаты жана мазмуну тууралуу учкай маалымат берди.
Андан соң Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов сөз сүйлөп, бул чыгарма мамлекет башчысынын идеялары менен көз караштарын жыйынтыктаган, коом үчүн маанилүү руханий мурас экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу пикирлер айтылды. Өз ойлору менен Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Абдылда Мусаев, Амангелди Муралиев, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Талгартбек кызы Диана ж.б. бөлүшүштү.
Ачылыш азем суроо-жооп форматындагы талкуу менен жыйынтыкталды.
Маалымат үчүн:
“Улут деми — Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби — президент Садыр Жапаровдун ар кыл маектеринин, кайрылууларынын жана ойлорунун топтому болуп, анда мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар, коомдун биримдиги жана өнүгүүнүн багыттары тууралуу ой толгоолор камтылган.
Мамлекет башчысынын тарыхый, саясый, идеологиялык мааниси зор тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Жыйнактын демилгечилери: Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын кызматкери Нурбек Асаналы уулу, китептин баш редактору - белгилүү адабиятчы Кемел Белеков.
Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Унгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби “Кыргыз Туусу” басма үйү тарабынан даярдалып, “Имак-офсет” басмаканасында басып чыгарылды.
