«Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильм өндүрүшкө жиберилди
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон улуу ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди өндүрүшкө жиберди.
Фильмде Абдырахмановдун татаал тагдыры жана улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу чагылдырылат. Долбоордун максаты — улуттук тарыхтын маанилүү барактарын эске салуу жана жаңы муунга мекенчилдик рухун жеткирүү.
Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастинг жана тартуу локацияларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Тартуу Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын аймактарында өтмөкчү.
Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдырахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат.
