Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 7-октябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтык маселелери талкууланды.
Эки тарап дипломатиялык мамилелерди тереңдетүү үчүн маданий байланыштардын маанилүүлүгүнө терең ишенимин билдиришти.
Француз тилин жана маданиятын Кыргызстанда ролуна өзгөчө көңүл бурулуп, жолугушуунун жыйынтыгы менен эки тарап Кыргызстан жана Франция элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзө турган маданият, маалымат алмашуу жаатындагы жемиштүү кызматташууну улантууга үмүт артышты.
