Ассоль Молдокматова дипломат айым болду
9 сентябрь

Ассоль Молдокматова дипломат айым болду

Бахыткожа Рустемов жетектеген Эл аралык элдик дипломатия шериктештиги Кыргызстандын эмгек сиӊирген ишмери Ассоль Молдокматованы элдер ортосундагы достукту чыӊдоого кошкон салымы үчүн Султан Бейбарстын алтын медалы менен сыйлады жана "Дүйнөнүн элдик дипломат айымы" наамын ыйгарды.

Ассоль Молдокматова эл аралык аренада тынчтыкты сактоочу жана элдик дипломат катары белгилүү, анын сүйлөгөн сөздөрү өлкөлөр арасындагы диалогго жана кызматташтыкка өбөлгө түзөт. Ал интернационализмди, маданий баалуулуктарды, аялдардын укуктарын коргоо жана жетим балдарды колдоо иштерин активдүү колдоого алат жана жайылтат.

"Ассоль Молдокматова — адамзат үчүн үлгү боло турган, дүйнө өлкөлөрүн жана элдерин бириктирген, бардык эӊ бийик сыйлыктар менен наамдарга татыктуу инсан", -  деп баса белгиледи Бахыткожа Рустемов. – Заманбап дүйнөдө биз адамгерчилик менен толеранттуулуктун жетишсиздигин көрүп жатабыз жана анын ишмердүүлүгү коом үчүн абдан маанилүү.