«Узнай Россию» — Кыргызстандык жаш лидерлер Москвада эл аралык программага катышты
8 октябрь

«Узнай Россию» — Кыргызстандык жаш лидерлер Москвада эл аралык программага катышты

Ушул жылдын 2–6-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында «Узнай Россию» аттуу эл аралык программасы болуп өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Бул иш-чара Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы маданий диалогду, гуманитардык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

Аталган программага Кыргызстандан жаштар уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү жана жаш лидерлер катышып, тематикалык сессияларга, дискуссияларга, маданий иш-чараларга күбө болушуп, жаштар уюмдарынын мекемелеринде болгон расмий жолугушууларда активдүү катышышты.

Программа жаш лидерлерге Россия Федерациясынын жаштар саясаты жаатындагы тажрыйбасы менен таанышууга, кесиптик байланыштарды түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Программа алкагында Россия Федерациясынын “Добро.РФ” платформасынын кеңсеси менен кызматташтыкты түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылар үчүн электрондук ыктыярчы китепчеси сыяктуу тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле, Россиянын студенттик кыймылы тууралуу маалымат алынып, бул кыймылдын тарыхы, максаттары жана жаштардын социалдык активдүүлүгүн арттыруудагы ролу өзгөчө кызыгууну жаратты. Тараптар кызматташууга кызыкдар экенин билдиришип, алдыда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» кеңешинин төрайымы Алена Аршинова менен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу жолугуп жаштар саясаты багытында пикир алмашты.