Депутат кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн балдарга арналган дүйнөлүк тасмаларды кыргызча которууну сунуштады
30 март

Депутат кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн балдарга арналган дүйнөлүк тасмаларды кыргызча которууну сунуштады

Депутат Токтобүбү Ашымбаева мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн балдарга арналган кыргызча контентти байытуу керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди. 

Ашымбаева УТРКнын жетекчилигине кайрылып, учурда балдар үчүн кыргыз тилиндеги мультфильмдер аздыгын, ал эми көркөм фильмдер дээрлик жоктугун белгиледи. 

“Союз учурунда тартылган көркөм фильмдер гана бар. Бүгүнкү күндө балдар үчүн дүйнөлүк алкактагы көркөм тасмаларды кыргызчалап берүү керек. Мисалы, “Гарри Поттер”. Ушундай тасмаларды жакшы кыргызча үн коштоо менен киргизсеңер болбойбу? Ага каржы булактары барбы? Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте балдар үчүн кыргызча контентти кеңейтүү керек”, – деди депутат. 

УТРКнын директорунун орун басары Алмазбек Касымалиевдин айтымында, тасмаларды, мультфильмдерди кыргыз тилине которуу боюнча программалар МинКабдын алдындагы Кинематографиялык кеңешме тарабынан кабыл алынган.