Ош шаарында “Франкофония жазы” фестивалы өттү
Ош шаарында “Франкофония жазы – 2026” фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли, Франциянын элчиси Николя Фай жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Фестивалдын алкагында ОшМУда Александр Дюманын атындагы француз тили жана маданияты борбору ачылып, Бабур театрында француз пианисткасы Кристин Фонлюпттун концерти тартууланды жана “Бон шуур Тичино” швейцар тасмасы көрсөтүлдү.
Францияда окуу жана искусство тарыхы боюнча конференциялар уюштурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын кыз-келиндер командаларынын катышуусунда регби боюнча эл аралык турнир өттү.
Белгилей кетсек, 25-марттан тартып 12-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында жыл сайын уюштурулуучу франкофония иш-чарасы өткөрүлүүдө. Быйылкы программа француз тилинин жана франкофония маданияттарынын көп түрдүүлүгүн жана чыгармачылыгын даңазалаган билим берүүчү, маданий, көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт.
