Опера искусствосунун ардагери Светлана Евгеньевна Гусарова дүйнөдөн кайтты
31 октябрь

Опера искусствосунун ардагери Светлана Евгеньевна Гусарова дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 29-октябрда күтүүсүздөн Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы солисти, опера искусствосунун ардагери Светлана Евгеньевна Гусарова дүйнөдөн кайтты.

Светлана Гусарова – өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган инсан. Ал Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1991-жылы Кыргыз опера жана балет театрында стажёрлор тобунда ишин баштап, Джильданын партиясы менен «Риголетто» операсында дебют кылган. Андан кийин «Дон Жуан», «Пиковая дама» операларында, ошондой эле балдар спектаклдери — «Красная шапочка» жана «Волшебная музыка» чыгармаларында роль жараткан. 1993-жылдын аягында ал театрдын алдыңкы опера солисттеринин бири болгон.

27 жылдык чыгармачылык ишмердигинин ичинде Светлана Гусарова дүйнөлүк классиканын ондогВиолеттаон спектаклдериндеги негизги партияларды аткарган. Алардын ичинде – «Травиатада», Виолетта, "Севильский цирюльникте" Розина, "Волшебной флейтада" ханыша, "Карменде" Фраскитанын ролун аткарган.

Светлана Гусарова назик лирикалык-колоратуралык сопраного ээ болуп, вокалдык чеберчиликти мыкты деңгээлде өздөштүргөн. Ал көп жылдар бою жеке концерттерди берип келген.

2006-жылдын апрелинде театрдын Малахит залында струндук квинтеттин коштоосунда анын жеке концерти өткөн.

2008-жылы ал эл артисти Жумакадыр Каниметов жетектеген оркестр менен чоң залда концерт берген.

2011-жылдын март айында Гусарова театр артисттеринин колдоосу менен эки жеке концерт уюштурган. Ал эми 2012-жылдын аягында театрдын 70 жылдык мааракесине карата Малахит залында «Күзгү бал» аттуу концертин тартуулаган.

2007-жылы ал Кыргызстандын искусствосуна кошкон чоң салымы үчүн диплом менен сыйланган, 2015-жылы болсо Кыргыз Республикасынын «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.