Кыргызстандык дүйнөгө белгилүү D Billions тобу A'Studio менен биргеликте жаңы чыгарма жаратты
20 сентябрь

Кыргызстандык дүйнөгө белгилүү D Billions тобу A'Studio менен биргеликте жаңы чыгарма жаратты

YouTube платформасында 50 миллиарддан ашык көрүүлөрү менен балдарга арналган эң белгилүү контент жаратуучулар болгон кыргызстандык D Billions чыгармачыл тобу жаңы англис тилиндеги Smile аттуу синглин чыгарганын кубаныч менен жарыялайт. Бул сингл Казакстандын легендарлуу A'Studio тобу менен биргеликте жазылганы уникалдуу долбоор болуп саналат.

Smile музыкалык видеосу жана треги 2024-жылдын 20-сентябрынан тарта бардык музыкалык жана видео платформаларда жеткиликтүү.

Аталган чыгармачыл топтун мүчөлөрү билдиришкендей, бул чыгарма кыргыз тобунун жандуу энергиясын жана харизмасын, ошондой эле ондогон жылдар бою хит ырларды жаратып келген A'Studio тобунун чеберчилигин бириктирген өзгөчө долбоор.

Smile — жанды сергиткен диско-поп стилиндеги ыр, эл аралык аудитория үчүн өзгөчө жан дүйнөгө жакын элементтер менен жаратылган. Бизге өзгөчө сыймык тартуулаган нерсе — бул өзүбүздүн 3D сүрөтчүлөр жана аниматорлор командасы тарабынан жаратылган музыкалык видеобаян. Бул видеону тартуу биз үчүн чоң сыноо болду, анткени биз анимация жана визуалдык баяндоонун жаңы бийиктиктерин багындырууга аракет кылдык. Бул жөн гана музыкалык видео эмес, жаш күйөрмандарыбызды жана чоңдорду тең кызыктыра турган анимациялык фильм.

"A'Studio тобу менен иштөө биздин топ үчүн укмуштуудай тажрыйба болду. Биз биргеликте өзгөчө маанилүү нерсени жараттык — адамдарды шыктандырып, бийлеткенибиз гана эмес, жарык жана кубаныч таркатууну, дүйнөгө ынтымак жакшылык алып келүүнү баяндаган ыр жана видео. “Smile” жөнөкөй бир жылмаюу айлана-чөйрөңүздөгү адамдарга терең таасир этип, сүйүү жана жарык тарата аларын эске салат", - деп айтылат маалыматта. 

Видеону төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрүүгө болот: https://www.youtube.com/watch?v=JM1q_YcLXBw


Маалымат үчүн: 
“D Billions” – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү D Billions каналы YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды (роликтерди) чыгарат.