
Таласта Бакай атанын эстелиги расмий түрдө ачылды
Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагына караштуу Кара-Сай айылындагы Ак-Тайлак мазарында улуу тарыхый инсандардын бири – Бакай атанын эстелиги расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков,Марат Мураталиев, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалаган кеңири майрамдык иш-чара менен коштолду.
Анын алкагында облустагы уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү жана ар улуттун улуттук тамак-аштары көргөзмөгө коюлду.
Майрамдык иш-чарада Бакай атанын басып өткөн жолу сахналаштырылган, театралдаштырылган оюн- зоок программа көрсөтүлдү.