Ошто "Тайтору" спектаклинин премьерасы өттү
20 сентябрь

Ошто "Тайтору" спектаклинин премьерасы өттү

Ош шаарында "Тайтору" спектаклинин премьерасын өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. 

Спектакль президенттин улуттук идеологияны бекемдөөгө багытталган жарлыктарын ишке ашыруу максатында көрсөтүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөп, Сүйүнбек Касмамбетов чыгармачыл курамдын жогорку чеберчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, улуттук баалуулуктарды сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аталган спектаклди Кыргыз улуттук "Манас" театры койгон, көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынды, алар теманын актуалдуулугун жана маданий мурастарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.