Кыргызстан жана Россия кинематография тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анда тараптар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2025-жылдын сентябрь айында өткөн XI Санкт-Петербург Эл аралык бирдиктүү маданияттар форумунун жыйынтыктарына бурулду. Бул форумга Кыргыз Республикасы активдүү катышкан.
Министр Мирбек Мамбеталиев форумдун эл аралык гуманитардык байланыштарды кеңейтүүдө жана маданияттар аралык диалогду чыңдоодо маанилүү платформа экенин белгиледи.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын Маданият күндөрүн өткөрүү маселеси болду. Тараптар жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого өз ара кызыгуусун билдирди.
Мындан тышкары, кинематография тармагындагы кызматташтык маселелери да талкууланды.
Тараптар биргелешкен кинопроекттерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып, кинонун маданий дипломатиянын натыйжалуу куралы жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү экенин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-орус маданий өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү максатында көтөрүлгөн бардык демилгелерди практикалык жактан ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты.
