www
18 март
Манас шаарында 6,8 млрд сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу токтотулду
Манас шаарында 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта курулуш министри Нурдан Орунтаевдин шаардагы ири курулуш объектилеринин подрядчы компанияларынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Жыйында анын долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта объекттин көлөмүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү караары айтылды.
Ошондой эле, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районунундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.
