Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин поэзия кечеси өттү
Бишкекие Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 25-сентбрда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгына арналган поэтикалык-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
“Мени сактап жүргөн элге ырахмат” аттуу мааракелик кече – акындын өмүр жолу, чыгармачылык салымы жана улуттук поэзиядагы ордуна арналган руханий, көркөм иш-чара болду.
Кечеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев , коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жакындары катышты.
“Шайлообек агайдын ырлары – кыргыз рухунун, элдин жүрөгүнүн, турмуш чындыгынын көркөм элчиси. Агайдын чыгармачылыгы – бүтүндөй бир доордун үнү,” – деп белгиледи министр өз сөзүндө.
Кечеде акындын поэзиясы сахнада көркөм окулуп, музыкалык чыгармалар менен коштолду. Даректүү видеофильм, мизансценалар, ыр аткаруулар жана китеп көргөзмөсү уюштурулду. Зал толо меймандар поэзия кечесинен руханий азык алып, акынга терең урматын билдиришти.
