Театралдык окуу жайдын студенттери Москвадагы эл аралык фестивалга катышууда
7 октябрь

Театралдык окуу жайдын студенттери Москвадагы эл аралык фестивалга катышууда

Москва шаарында 15 чыгармачыл топтун башын бириктирген студенттик спектаклдердин эл аралык "Точка А" театралдык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Фестиваль 6-12-октябрь күндөрү өтөт.

Ага Кыргызстандан Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайы, Россия Федерациясынан Россия театралдык искусство институту (ГИТИС), Б. Щукин атындагы Театралдык институту, М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык училище (институту), С. А. Герасимов атындагы Россия мамлекеттик кинематография университети, Пермь мамлекеттик маданият университети, Воронеж мамлекеттик маданият университети, Белоруссиядан Белоруссия Улуттук өнөр академиясы катышууда.

Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенттери Ч. Айтматовдун "Бетме-бет" драмасын коюшту.

Бул драма Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Режиссёр-коюучусу – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Манас орденинин кавалери Гүлайым Каниметова, ассистенттери – Кенже Сатыбалдиева, Амантур Абдусалам уулу.

Фестивалдын программасында спектаклдерди көрүү менен катар ГИТИСтин мугалимдеринен мастер класстар, музейлерге экскурсия каралган.