Бишкекте манасчы Сапарбек Касмамбетов эскерилди
Бүгүн “Манас” эпосун жайылтууга өмүрүн арнаган залкар инсан, манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилип, куран окутулуп, гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынан кабарлашты.
Гүл чамбар коюу иш-чарасына Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Сүйүнбек Касмамбетов, Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын президенти Кайрат Иманалиев, ошондой эле манасчылар, акындар жана маркумдун жакындары катышты.
Сапарбек Касмамбет уулу 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.
Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайды жана Б. Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Эгемендик жылдарында манасчылык жана төкмөчүлүк өнөрдү өнүктүрүүгө салым кошкон.
Сапарбек Касмамбетов 2020-жылдын 19-январында дүйнөдөн кайткан.
