
Бакунун Музыкалык аспаптар музейи жаңы экспонат – кыргыз комузу менен толукталды
Ушул жылдын 18-22-сентябрында Бакуда Музыка жана бий салттары боюнча эл аралык кеңештин (ICTMD) изилдөө топторунун түрк дүйнөсүндөгү музыка жана бий боюнча жана глобалдык музыка тарыхынын "Мурас жаңырыгы: музыкалык жана бий мурастарын изилдөө" биргелешкен симпозиуму өтүүдө. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул иш-чара дүйнө жүзүнүн изилдөөчүлөрүн, музыканттарын жана маданий ишмерлерин дүйнөлүк тарыхтын контекстинде түрк музыкасынын жана бий салтынын бай мурасын талкуулоо жана изилдөө үчүн чогултту.
Симпозиумда Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова кыргыз элинин салттык жана профессионалдык музыкасы тууралуу баяндама жасап, өзүнүн жана элдик репертуарынын бир катар чыгармаларын комузда аткарды.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы элчилиги Роза Аманова менен биргеликте Бакунун Музыкалык аспаптар музейине кыргыз элинин улуттук аспабы – комузду белекке тартуулады.
Аземдин жүрүшүндө бул аспаптын элибиздин маданиятындагы зор мааниси баса белгиленди.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдында салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору түзүлгөндүгү, анын милдети кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү жана анын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова дайындалгандыгы маалымдалды.