Анкарада Түрк дүйнөсүнүн реставрация адистеринин эл аралык программасы өтүүдө 
11 февраль

Анкарада Түрк дүйнөсүнүн реставрация адистеринин эл аралык программасы өтүүдө 

Анкара шаарында 9-февралда “Түрк дүйнөсүнүн реставрация жана консервация лабораториялары тармагы – Түркияда тажрыйба алмашуу программасы” старт алды.

Иш-чара Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан демилгеленип, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, TİKA жана Түрк дүйнөсү фонду тарабынан колдоого алынган.

9–13-февралда Анкара жана Стамбул шаарларында өтүп жаткан программага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген адистер катышууда.

Программада маданий мурасты сактоо, реставрация жана консервациянын илимий ыкмалары, техникалык потенциалды өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Программанын негизги максаты – түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын сактоо жаатында туруктуу эл аралык эксперттик тармак түзүү жана кызматташтыкты бекемдөө.