Астанада Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган кыргыз мюзклдери көрсөтүлүүдө
Маданият министрлиги
18 март

Астанада Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган кыргыз мюзклдери көрсөтүлүүдө

Казакстандын борбору Астана шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин жана “Жамийла” мюзиклин казак коомчулугуна жана мекендештерге тартуулоодо.

Аталган маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

2026-жылдын 17-мартында Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли тартууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, залкар жазуучу Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министринин орун басары Айбек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев, ошондой эле боордош элдин маданият ишмерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.