Бишкекте «Groove Republic: LDDLM Edition» аттуу эл аралык хип-хоп фестивалы өтөт
6 март

Бишкекте «Groove Republic: LDDLM Edition» аттуу эл аралык хип-хоп фестивалы өтөт

11–12-апрелде Бишкек шаарында «Groove Republic: LDDLM Edition» аттуу эл аралык хип-хоп фестивалы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандагы заманбап маданий чөйрө үчүн маанилүү жана ири окуялардын бири болуп саналат. 

Алгачкы жолу биздин өлкөгө дүйнөгө таанылган LDDLM Crew командасынын өкүлдөрү келип, мастер-класстарын өткөрүшөт. Алар дүйнөлүк бий сахнасындагы эң таасирдүү жана жаркын командалардын бири болуп эсептелет.

Фестивалга катыша турган белгилүү бийчилер:

• Jean Michel Cruel

• StalaMuerte

• Junior Yudat

• Xelyna

Ошондой эле фестивалдын музыкалык коштоосун дүйнөлүк хип-хоп сахнасынын белгилүү өкүлү DJ TellaX камсыз кылат.

Фестивалдын программасында:

• профессионалдык бий мастер-класстары

• HIP HOP (жаңы баштагандар жана профессионалдар) жана ALL STYLES категориялары боюнча баттлдар

• европалык калыстар курамы

• ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосунда маданий алмашуу

Бул фестиваль Кыргызстандагы жаштар жана бий маданияты үчүн маанилүү жана масштабдуу окуя болуп калат. Ал жөн гана мелдеш эмес, тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү жана маданий байланыштарды бекемдөө үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.

Иш-чаранын өлкөнүн эл аралык аброю үчүн да өзгөчө мааниси бар. Фестивалга чет өлкөлүк коноктор жана ар кайсы мамлекеттерден келген бийчилердин катышуусу күтүлүүдө. Бул өз кезегинде Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга жана өлкөбүздү заманбап, ачык жана маданий жактан өнүгүп жаткан мамлекет катары таанытууга өбөлгө түзөт.

Мындай масштабдагы маданий иш-чаралар Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы позитивдүү имиджин калыптандырууга, таланттуу жаштарды колдоого жана креативдүү индустриялардын өнүгүшүнө салым кошот.