Жалал-Абадда июнь окуясынын 15 жылдыгы эскерилди
Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда бүгүн, 15-июнда июнь окуясына карата орнотулган монументте эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Базар-Коргон районунун акими Талантбек Эдилов, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, окуяда каза болгон жарандардын жакындары жана мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Иш-чарада облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бүгүнкү өнүгүп келе жаткан Кыргыз мамлекети өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен келечекке кадам таштап келе жатканын белгиледи.
Ошондой эле, өлкөдөгү улуттар арасындагы достуктун, бири-бирине болгон сый-урмат жана ишенимдин бекемделиши маанилүү экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, 2010-жылдагы июнь окуясында Жалал-Абад облусунда 592 адам жаракат алып, 82 жаран каза болгон. Төрт адам дайынсыз жоголгон.
