Манас районуна караштуу Семетей айылындагы маданият үйү жаңыртылат
6 март

Манас районуна караштуу Семетей айылындагы маданият үйү жаңыртылат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Манас районундагы иш сапарынын алкагында Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалынан да кабар алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Бул маданий жай 1958-жылы курулуп, ишке берилгенине жетимиш жылга чукулдап калган. Андан бери утурумдук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен эскилиги жеткендиктен, жаңысын куруу зарыл. Ал эми маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Төрагага курула турган көп функционалдуу маданий жайдын типтүү долбоорун тааныштырды.

Марлен Маматалиев тиешелүү жетекчилерге сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн курулушу керек болгон титулдук тизмеге аталган маданият үйүн да кошуу тапшырмасын берди.

«Эртең долбоор ишке ашпай калды деген сөз болбошу керек. Тиешелүү мекемелер керектүү иштерди жүргүзүп, Семетей айылына жаңы маданият үйүн куруп бериши кажет. Анткени, бул маданий жай жергиликтүү эл үчүн өтө маанилүү», – деди төрага.