UmutDoc фестивалына катышуу үчүн 800гө жакын тасма келип түштү
Сүрөт: depositphotos.com
7 сентябрь

UmutDoc фестивалына катышуу үчүн 800гө жакын тасма келип түштү

Бишкекте өтө турган экинчи эл аралык UmutDoc документалдык кинофестивалына катышуу үчүн 800гө жакын өтүнмө келип түштү. Бул тууралуу фестивалдын калыстар тобунун куратору, фотограф Назик Кадырова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өтүнмөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип түшкөн.

Тандоонун жыйынтыгында фестивалдын сынактык программасына 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу документалдык тасма киргизилди.

Назик Кадырова белгилегендей, фестиваль негизинен Борбор Азиянын документалдык тасмаларына басым жасайт.

Ошол эле учурда тасманын UmutDoc фестивалында биринчи жолу көрсөтүлүшү милдеттүү эмес. Тасма буга чейин өз өлкөсүндө премьерасы болгон же башка аянтчаларда көрсөтүлгөн болушу мүмкүн.

Экинчи эл аралык UmutDoc документалдык кинофестивалы Бишкек шаарында 10-14-сентябрь күндөрү өтөт.