«Сүймөнкүл» улуттук мюзикли белгисиз мөөнөткө жылдырылды
Улуттук филармониянын чоң сахнасында көрсөтүлмөкчү болгон, улуу ысымдын урматына арналган драматург Акбар Кубанычбековдун калемине таандык «Сүймөнкүл» улуттук мюзикли белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта мындай чечим техникалык себептерден улам кабыл алынгандыгы айтылат.
«Чечим спектаклдин сахналык жабдууларын жана техникалык процесстерин талаптагыдай деңгээлде даярдоо максатында кабыл алынды», - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик мюзиклдин жаңы коюла турган датасы кошумча түрдө расмий булактар аркылуу алдын ала маалымдала тургандыын билдирди.
Белгилей кетсек, маданий иш-чара 12–13–14–15–16–17-февраль филарманияда көрсөтүлмөк.
