
Вячеслав Добрынин каза болду
“Көк туман” жана “Жаратыма туз сеппе” романдарынын автору Вячеслав Добрынин Москвадагы клиникалардын биринде каза болду. Ал ооруканага инсульт менен түшкөн.
Ал 78 жашта болчу.
Вячеслав Добрынин — орус эстрадасынын классикасына айланган көптөгөн атактуу ырлардын автору.
Ал жазган белгилүү ырлардын орусча аталышын котормосуз келтиребиз: «Всё, что в жизни есть у меня», «Кто тебе сказал», «Прощай, от всех вокзалов поезда...», «Синий туман», «Ни минуты покоя», «Не сыпь мне соль на рану...», «Белая медведица» и «За милых дам».
1990-жылы ал атагы алыска тараган «Доктор Шлягер» тобун негиздеген. Анын ырларын Алла Пугачёва, Михаил Боярский, Михаил Шуфутинский, Маша Распутина, Лев Лещенко сыяктуу белгилүү ырчылар аткарган.
Көп жылдар бою Добрынин белгилүү пожт Леонид Дербенев менен кызматташып келген. Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда миңге жакын композиция жазып, 17 студиялык альбом чыгарган.