Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынакты 21-апрелге чейин узартуу сунушталууда
17 февраль

Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынакты 21-апрелге чейин узартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-февралындагы жыйынында «2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтом долбоору каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, өзгөртүүлөр менен комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2025-жылдын 21-апрелине чейин узартуу сунушталууда.

Муну менен катар баяндамачы аталган токтомду ишке ашыруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерге токтолду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун кабыл алуу боюнча техникалык жумушчу топ түзүлдү.

«Бүгүнкү күндө кайрылып келген жарандардан 16 долбоор катталып, кабыл алынды. Ал эми электрондук дарекке 234 жарандардан 401 кайрылуулар жана сунуштар келип түшүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», - деди.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты өздүк өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги азыктары менен өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандыруу болуп эсептелет.