Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев жана Аида Балаева жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Кемел уулунун Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.
Тараптар бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө, анын ичинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты тармактарындагы байланышка өзгөчө маанилүүлүк берерин белгилешти.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын туруктуу өнүгүп жатканы баса белгиленди: биргелешкен форумдар өткөрүлүп, билим берүү программалары ишке ашырылып, маданий алмашуулар жана ар кыл долбоорлор ишке киргизилип жатканы, аталган демилгелер жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, алардын потенциалын ачууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана эки элдин маданий өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого өбөлгө болуп жатканы айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер биргелешкен демилгелерди улантуу боюнча макулдашышты, анын ичинде:
- тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн туруктуу аянтчаларды түзүү;
- стартаптарды жана креативдүү долбоорлорду колдоо;
- биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу;
- ар кандай тармактагы жаш адистердин ортосундагы маданий алмашууну кеңейтүү.
Жыйынтыгында тараптар форум жана мындан аркы демилгелер эки тараптуу кызматташтыктын дараметин гана көрсөтпөстөн, жаңы идеялардын, долбоорлордун жана өнөктөштүктөрдүн пайда болушуна алып келерин, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ишенимди, урмат-сыйды жана достукту чыңдап, жаштардын энергиясы жана демилгеси менен андан ары өнүгөөрүн белгилешти.
