Манас шаары Түрк мамлекеттеринин Жаштар борбору болот
Үстүбүздөгү жылдын 16-17-октябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) Спорт жана жаштар саясаты боюнча эксперттердин кеңешмеси жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) жаштар иштери жана спорт министрлеринин жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Кыргыз тараптан иш-чарага КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, өз сөзүндө КРнын Жаштар иштери жана спорт министрлеринин кезектеги жыйынынын алкагында төрагалык милдетин аткарууга даярдыгын билдирди.
Ал катышуучу мамлекеттерге көрсөткөн жигердүү колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ТМУ форматындагы конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө болгон чечкиндүү умтулуусун баса белгиледи.
Жыйындын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири – 2027-жылы Манас шаарына (Кыргызстан) Түрк мамлекеттеринин Жаштар борбору статусун ыйгаруу чечиминин кабыл алынышы болду.
Бул чечим ТМУ өлкөлөрүнүн жаштар демилгелерин колдоого жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жалпы багыт алгандыгын көрсөтөт.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу-мамлекеттердин жаштар саясатын жана спорт боюнча ведомстволорунун жетекчилери түрк дүйнөсүндөгү күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
