Кырчын фестивалдар жана форумдар өтүүчү туруктуу аянтчага айланышы мүмкүн
Сүрөт: Ольга Федорова
7 сентябрь

Кырчын фестивалдар жана форумдар өтүүчү туруктуу аянтчага айланышы мүмкүн

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан этнокомплекс VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин да ишин улантышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык архитектура академиясынын профессору, Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын академиги, КМТУнун доценти, маданияттын отличниги, «Асмат» ЖЧКсынын директору Мирлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, Кырчын эл аралык жана улуттук фестивалдарды, этномаданий иш-чараларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, билим берүү программаларын жана кол өнөрчүлүк иш-чараларын өткөрүү үчүн туруктуу аянтча боло алат.

Мындан тышкары, этнокомплексти туристтик маршруттарга киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Абдылдаев белгилегендей, мындай учурда объектти түзүүгө жумшалган каражат жана ресурстар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин да өлкө үчүн кызмат кыла берет.

Анын пикиринде, бул Кырчын жайлоосун Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү маданий жана туристтик активге айлантууга шарт түзөт.