Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага Элдар Аттокуров директор болду
18 октябрь

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага Элдар Аттокуров директор болду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, үч айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишимдин негизинде Элдар Аттокуров Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага директор болуп дайындалды. 

Аталган буйрук менен эмгек жамаатка маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.

Элдар Эртабылдыевич 1977-жылдын 21-июнунда Талас облусунун Талас районунда төрөлгөн. Билими жогорку.