Түштүк Кореядагы Борбордук Азиянын маданият күндөрүндө залкар Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленди
6 октябрь

Түштүк Кореядагы Борбордук Азиянын маданият күндөрүндө залкар Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленди

"Борбордук Азия жана Корея" фонду тарабынан уюштурулган Маданият күндөрү Түштүк Кореянын Кванджу шаарында ийгиликтүү башталып, 6,7 - октябрь күндөрү Сеул шаарында өтөт.

Бул фестивалга Кыргызстандан эл аралык "Руханият" ассоциациясы тарабынан даярдалган кыргыз искусство чеберлеринин концерттик программасы тартууланууда.

Курамында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Закирбек Дүйшөнбек уулу, Тилек Найманбаев, Токтогул Рысалиев, Дилбар Райымбекова, чыгаан ырчы Талант Токомбаев, чебер комузчулар Эламан Каныбеков, Даниел Маамытов бар.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын маданият өкүлдөрү менен катар, эл аралык "Руханият" ассоциациянын президенти, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин жетекчилигинде даярдалган Кыргыз искусство чеберлеринин концерттик программасы Кореялык көрүүчүлөрдүн арзуусуна ээ болууда.

Маданият күндөрүнүн алкагында "Руханият" ассоциациясы Түштүк Кореяда залкар комузчу, ырчы, обончу, Кыргыз эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган "Атайдын мурасы" аттуу иш чара өткөрөт.