Бишкекте Чокон Валиханов жөнүндө тартылган даректүү тасманын бет ачары өттү
Бишкектеги бүгүн, 21-августта кыргыз–казак жаштар форумунда улуу окумуштуу жана агартуучу Чокон Валихановго арналган “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары болуп жатат.
Иш-чара Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган.
Тасма “Манас” улуттук академиясы жана “Барсбек Глобал” прадакшн тарабынан тартылып, коомчулукка алгачкы ирет сунушталды.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу жана бир катар маданий ишмерлер, эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү жана жаштары катышууда.
