Караколдо Эгемендүүлүк күнүндө Филипп Киркоров менен Люся Чеботина кайрадан концерт беришет
Маданият министрлиги
26 август

Караколдо Эгемендүүлүк күнүндө Филипп Киркоров менен Люся Чеботина кайрадан концерт беришет

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу концерт 31-августта Каракол шаарынын борбордук аянтында өтөт.

Майрамдык программа саат 17:15те башталып, 22:20га чейин уланат.

Сахнада Нурлан Насип, Кымбат Азизова, Мажик Байсынов, Темир Назаров, Freeman 996, Бегиш жана башка кыргызстандык өнөрпоздор чыгышат.

Кеченин хедлайнерлери Филипп Киркоров жана Люся Чеботина болот.

Уюштуруучулар Кыргызстандын тарыхы менен маданиятын, ата-бабалардын мурасынан тартып азыркы заманга чейинки жолун чагылдырган чоң музыкалык программа даярдашууда.

Салтка ылайык, ардактуу кароол Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрөт.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара салют менен жыйынтыкталат.