«Мөлмөл» фольклордук ансамбли Кыргызстанды Индиядагы  Эл аралык «Рамаяна» фестивалында өкүлчүлүк кылат
6 октябрь

«Мөлмөл» фольклордук ансамбли Кыргызстанды Индиядагы  Эл аралык «Рамаяна» фестивалында өкүлчүлүк кылат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет: Жалал-Абад облусунун Токтогул Тыныбеков атындагы облустук филармониясынын «Мөлмөл» фольклордук музыкалык ансамбли 2025-жылдын 29-сентябрынан 10-октябрына чейин Индиянын Нью-Дели жана башка шаарларында өтө турган IX Эл аралык «Рамаяна» фестивалына катышат.

«Мөлмөл» ансамбли учурда кыргыз элинин бай маданий мурасын жана салттарын чагылдырган элдик ырлардан, обондордон жана бий номерлеринен турган концерттик программасын даярдоодо.

Кыргыз фольклордук жамаатынын бул кадыр-барктуу эл аралык фестивалга катышуусу Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы маданий байланышты чыңдоого жана кыргыз музыкалык маданиятын дүйнөлүк аренада жайылтууга багытталган.

Министрлик Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилигине визалык жана уюштуруучулук колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

«Рамаяна» фестивалы жыл сайын ондогон өлкөлөрдөн келген фольклордук ансамблдерди бириктирип, Түштүк Азиядагы эң ири маданий аянтчалардын бири болуп саналат.