“Манас” эпосуна арналган скульптуралык композициялык боюнча сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Манас” эпосунун каармандарына арналган скульптуралык-декоративдик композицияларды орнотуу боюнча эскиздик долбоорлорго сынак жарыялайт.
Сынактын максаттары:
• архитектуралык жана көркөмдүк жактан өзгөчөлөнгөн, таанымал жана оригиналдуу скульптуралык-декоративдик композицияны аныктоо. Композиция төмөнкү образдарды камтып, бир бүтүн чыгарма катары каралат:
“Манасчы”, “Кошой менен Жолойдун күрөшү”, “Манас менен Коңурбайдын сайышы”, “Ак-кула”, “Тайторунун чабышы”;
• “Манас” эпосунун каармандарын улуттук маданияттын жана тарыхтын символу катары түбөлүккө калтыруу;
• жарандардын маданий аң-сезимин жогорулатуу;
• жаштарды патриоттук духта тарбиялоо;
• маданий жана этнотуристтик тартуунун жаңы объекттерин түзүү.
Сынактын тартиби жана шарттары
Сынак 2025-жылдын 28-октябрынан 26-декабрына чейин өткөрүлөт.
Катышуучулар сынакка төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
• автордун (же авторлордун) аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жана кызматы, байланыш маалыматы (дарек, телефон, электрондук почта) көрсөтүлгөн, девиз коюлган конверт;
• эстеликтин эскизи (чакан модель, макет же графикалык вариант);
• өлчөмдөрү көрсөтүлгөн проекциялар;
• эстеликтин сыпаттамасы жана түшүндүрмө каты (өлчөмдөр, колдонулуучу материалдар, идеянын мазмуну, кошумча түшүндүрмө материалдар);
• орнотуунун сунушталган жери;
• эстеликтин айланасын жакшыртуу боюнча кошумча сунуштар (эгер бар болсо);
• автордук укук менен корголгон элементтерди колдонуу тууралуу маалымат (эгер бар болсо).
Долбоордук материалдарды тапшыруу дареги:
720000, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, 202-кабинет.
Байланыш телефону: +996 (312) 55-11-28.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.
Автордук долбоорлор ушул жободо көрсөтүлгөн шарттар боюнча автордук укук менен корголот.
Мөөнөтүндө жана талаптарга ылайык берилбеген материалдар каралбайт.
Сынакка катышууга байланышкан чыгымдар толугу менен катышуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
Байге фонду:
• 1-орун – 150 000 (жүз элүү миң) сом
• 2-орун – 100 000 (жүз миң) сом
• 3-орун – 50 000 (элүү миң) сом
