Бишкекте КРнын эл артисти Анатолий Адалинин мааракелик кечеси өтөт
17 март

Бишкекте КРнын эл артисти Анатолий Адалинин мааракелик кечеси өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры сахнасында Кыргыз Республикасынын эл артисти Анатолий Адалинин 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу юбилейлик кече өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чара саат 19:00дө башталат.

Бул салтанаттуу күнү майрамдык маанай гана эмес, ошондой эле Анатолий Адалини сахнадан спектаклдердин биринде көрүү мүмкүнчүлүгү күтөт. Бул анын талантынын күйөрмандары үчүн чыныгы белек болот.

Ошондой эле, узак жылдар бою Анатолий Адали менен бирге эмгектенип, чыгармачылык жолдогу кесиптештеринин жылуу куттуктоолору да айтылат.