
Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын өткөрүштү.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө бир нече суроолор көтөрүлүп, аларды талкуулоонун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Байсалов Казань (Татарстан), Москва, Санкт-Петербург жана Минск шаарларында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, уюштуруу маселелерин чечүүдө министрлик ар тараптуу көмөк көрсөтүүсүн тапшырды.
Эске салсак, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 18-22-октябрь күндөрү Кыргызстандын Маданият күндөрү Россия Федерациясында өтөт.