Кыргыз драматургдарынын жаңы пьесаларына республикалык конкурс жарыяланды
29 октябрь

Кыргыз драматургдарынын жаңы пьесаларына республикалык конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстан театр ишмерлер союзу биргелешип, улуттук драматургияны өнүктүрүү жана театрлардын репертуарын жаңы, көркөм деңгээли жогору чыгармалар менен байытуу максатында “Кыргыз драматургдарынын жаңы пьесаларынын тарыхый тематикаларга арналган республикалык конкурсун” жарыялайт.

Конкурстун максаты

Драматургдарды заман талабына жооп берген, терең мазмундуу жана оригиналдуу пьесаларды жаратууга шыктандыруу; улуттук өзгөчөлүктөрдү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыган, жаңы көркөм ойлорду алып чыккан чыгармаларды театр сахналарына алып чыгуу.

Конкурстун мөөнөтү

Конкурс 2025-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлөт.

Катышуу шарттары

  • Конкурска профессионал драматургдардан тартып пьеса жазууга дилгир болгон бардык калемгерлер катыша алышат.
  • Ар бир автор бир же бир нече чыгармасын сунуштай алат.
  • Пьесалар мурда эч бир театрда коюлган эмес жана башка конкурстарга катышпаган болушу шарт.
  • Чыгармалар кыргыз же орус тилинде, Word форматта, кеминде 6000 сөздөн турушу зарыл.

Электрондук варианттар 2025-жылдын 20-декабры, саат 24:00гө чейин төмөнкү даректерге жөнөтүлүшү керек:

  • iskusstvo_art@mal.ru (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги)
  • stdkg@mal.ru (Кыргызстан театр ишмерлер союзуна көчүрмө түрүндө).

Белгиленген мөөнөттөн кеч келген же талаптарга жооп бербеген материалдар каралбайт.

Байге фонду жана жыйынтыктар

Конкурстун жыйынтыгы 2025-жылдын аягында чыгарылып, жеңүүчүлөрдүн ысымдары расмий маалымат булактары жана социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.

Жеңүүчүлөргө сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Конкурстун чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргызстан театр ишмерлер союзун колдоо үчүн бөлүнгөн гранттын эсебинен каржыланат.

Кошумча маалымат

Конкурстук комиссия Кыргызстандын белгилүү театр жана искусство ишмерлеринен түзүлүп, пьесалардын көркөмдүк деңгээлине, мазмундук актуалдуулугуна жана сахналаштырууга ылайыктуулугуна жараша баа берет.