Кыргызстан менен Россия маданий-гуманитардык тармакта кызматташтыгын кеңейтет
24 сентябрь

Кыргызстан менен Россия маданий-гуманитардык тармакта кызматташтыгын кеңейтет

КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Россиянын Россотрудничества агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Шевцов менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 24-сентябрда Бишкекте өткөн.

Жолугушууда тараптар гуманитардык жана маданий чөйрөлөрдөгү биргелешкен демилгелерди талкуулап, өзгөчө көңүлдү китепканаларды санариптештирүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана китепкана инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурушту.

Россия тарап 2026/2027-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын чыгармачылык жогорку окуу жайларына 30 квоталык орун бөлүнөрүн ырастады, ошондой эле кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маектештер жаштар саясаты маселелерин да көтөрүштү.

Жаштарды колдоого жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен форумдарды, жаштар алмашууларын жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.