УТРКда биринчи жолу масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
Улуттук телерадиоберүү корпорациясында биринчи жолу масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, имарат көп жылдан бери оңдолгон эмес. Кайра-кайра косметикалык майда иштер жасалганы болбосо, чыныгы капиталдык оңдоо болбой келген. Айрым бөлүктөрү курулуп бүтпөй калган экен. Тар бөлмөлөр, эски түтүктөр, суук дубалдар, эскирген жабдыктар менен УТРКнын эмгек жамааты жылдан-жылга чыдап иштеп келди.
"Азыр УТРКда биринчи жолу чыныгы капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Чатырынан баштап, дубал, шыбак, пол, жарык берүү, жылытуу системасы – баары жаңыртылууда", - деди ал.
Эмне үчүн бул маанилүү?
Анткени Улуттук телерадиоберүү корпорациясы – бул жөн гана жаңылык тараткан мекеме эмес. Бул — кыргыз элинин үнү, тили, маданияты, салты жана дүйнө таанымы сакталып, коомго жеткен аянтча.
Бул жерде күнү-түнү элдин турмушу, улуттук нарк-насили, каада-салты, мамлекеттик саясат, кыргыз тилин өнүктүрүү багытындагы берүүлөр, тарых жана тарбия тууралуу мазмундуу көрсөтүүлөр обого чыгат. Балдарга арналган билим берүүчү берүүлөрдөн баштап, спорттук, маданий, музыкалык жана жаштар темасына арналган программаларга чейин — коомдун бардык катмарына ылайыкталган эфирлер бар.
Бул жерде ар бир кыргыз жараны өзүн көрө алат: улуттук бийик баалуулуктар да, заманбап коомдун үндөрү да жаңырып турат.
Демек, шарт жакшы болсо — эфир дагы сапаттуу болот. Бул оңдоо – жөн гана дубалды оңдоо эмес, бул — мамлекеттин өз маданиятына, өз элине, өз үнүнө болгон сый-урматы.
