Бишкекте Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды 
24 сентябрь

Бишкекте Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды 

Бишкекте Улуттук тарых музейинде 24-сентябрда Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына арналган “Кыргыз элинин улуу ойчул-акындары жана агартуучулары (XVIII–XX кк.)” аттуу туруктуу көргөзмөнүн бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага маданият министринин кеңешчиси Секимов Бактыбек, расмий адамдар, тарыхчы-окумуштуулар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Көргөзмө кыргыз элинин руханий маданиятында терең из калтырган акындар жана агартуучулар – Калыгул Бай уулу, Молдо Нияз, Арстанбек Буйлаш уулу, Эсенаман Жалгаш уулу, Нурмолдо, Ниязалы, Жеңижок жана Молдо Кылычтын чыгармачылыгына арналган.

Алардын ырлары, күүлөрү жана санаттары кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн даңазалаган баалуу мурас катары сунушталууда. Көргөзмөдөгү портреттерди Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев иштеп чыккан.