Быйыл 31-август — КРнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо Жалал-Абад облусунда өтөт
24 январь

Быйыл 31-август — КРнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо Жалал-Абад облусунда өтөт

Президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Белгилей кетсек, минкаб башчысы бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.   

Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.   

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.