2025-жылы кыргыз киносуна 951 млн сом бөлүндү
Үч жыл мурун кинематографияны мамлекеттик каржылоо 80 миллион сом болсо, быйыл 951 миллион сомду түздү. Бул тууралуу III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал ИДПнын 10-11% деңгээлинде туруктуу өсүүсү маданият жана искусство чөйрөсүн колдоого мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Касымалиев 20-кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киносу чыныгы гүлдөгөн учурду башынан кечиргенин – дал ошондо “Кыргыз керемети” деп аталган феномен жаралганын улантты.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан III Бишкек эл аралык кинофестивалы үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин уланат.
