Кыргызстандын “Жаш кыял” бий ансамбли Түркиядагы фестивалда катышууда
КРнын Стамбулдагы башкы консулдугу
21 апрель

Кыргызстандын “Жаш кыял” бий ансамбли Түркиядагы фестивалда катышууда

Кыргызстандын “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли Түркиядагы фестивалда катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 19-апрелде Люлебургаз шаарында Түркиянын 23-апрель – Улуттук көз карандысыздык жана балдар күнүнө арналган 35-чи эл аралык балдар фестивалынын алкагында иш-чара уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун атынан консул Рустам Шерипбаев катышты.

Люлебургаз шаарынын мэри доктор Мурат Геренли балдар майрамынын алкагында шаарга келген конок өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Фестивалга Кыргызстандан “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли катышат. Ансамблдин фестивалга катышуусу Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук көмөгү менен камсыздалды.

Фестивалда “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли эки бий номерин тартуулайт. Ансамблдин курамы 20 бийчиден турат, жетекчиси - Сайкал Чилетирова.

Мындан тышкары, фестивалга үй кожоюну Түркиядан жана Болгария, Босния жана Герцеговина, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түндүк Македония жана Косоводон келген жаш таланттар да катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтөт.