Ош шаарында көрүнүктүү акын Шавкат Рахмандын 75 жылдыгы белгиленди
Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында 20-апрелде көрүнүктүү акын, терең ойчул Шавкат Рахмандын 75 жылдыгына арналган эл аралык эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын жана журналист Минхожидин Мирзо, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун эл аралык байланыштар боюнча төрагасынын кеңешчиси Бегижан Ахмедов жана Өзбекстандан келген акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, ошондой эле акындын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү жана күйөрмандары катышышты.
Эскерүү кечесинде акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы чагылдырылып, өз үнү менен жазылган ырлары жаңырды.
Акындын үй-бүлө мүчөлөрү эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын чыгармачылык мурасы тууралуу жылуу сөздөр айтылды.
Мындан тышкары акындын өмүрүнө арналган көргөзмө уюштурулуп, жаш муун өкүлдөрү тарабынан анын чыгармаларынын негизинде сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, мааракелик иш-чара 2 күн улантылып, коноктор үчүн маданий жолугушуулар жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейине экскурсия уюштурулат.
