Кыргыз делегациясы АӨАИЧК Жаштар кеңешинин тогузунчу жыйынына катышты
2026-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары С. Надырбеков Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨАИЧК) Жаштар кеңешинин тогузунчу жыйынына катышты.
Иш-чарага 17 өлкөдөн 120 делегат катышып, негизги тема катары «Жаштардын шаарларды туруктуу өнүктүрүүгө катышуусу» маселеси талкууланды.
Өз сөзүндө С. Надырбеков АӨАИЧК мейкиндигинде урбанизациянын жогорку темптери байкалып жатканын белгилеп, Бишкек жана Ош шаарларынын динамикалуу өсүшүн мисал келтирди. Ал Кыргызстандын алдында турган маанилүү милдеттерге токтолуп, абанын сапатын жакшыртуу, шаардык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу маселелери өлкөнүн тоолуу жана сейсмикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Ошондой эле ал жаштардын чыгармачылык, инновациялык жана санариптик потенциалын толук пайдалануу үчүн салттуу кеңешүү форматынан жаштар менен реалдуу жана тең укуктуу өнөктөштүккө өтүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан АӨАИЧК Жаштар кеңешинин тогузунчу отурумунун жыйынтыктоочу документи – сунуштамалар кабыл алынды
