Талас: Т.Жумагулов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүп жатат
Талас облусунун Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылындагы Т.Жумагулов атындагы маданият үйү капиталдык оӊдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Оңдоо иштери 2025-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталып, СК “Мрамор” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, маданият үйү 1965-жылы курулган. соңку ирет 2013-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Учурда оңдоо ишеринин 81 пайызы аткарылды.
